“Барчын” санаториясынын кызматкерлери үчүн керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча лекция өттү
07.03.2025Ош курулуш колледжинин студенттерине окутуу лекциясы өткөрүлдү
12.03.2025Кызматтын төрагасы Ж. Б. Орозбаев Будапешт шаарында (Венгрия) атаандаштык боюнча регионалдык борбордун негизделгендигинин 20 жылдыгына арналган мааракелик конференцияга катышты.
Экономикалык кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму (ЭКӨУ) менен биргеликте уюштурулган конференциянын жүрүшүндө либералдаштыруу, өнөр жай саясаты жана атаандаштык саясатынын таасири процесстери боюнча панелдик дискуссиялар өткөрүлдү, алар келечек үчүн көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип изилдөө менен аяктайт.
Аталган иш-чарага катышуу алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонуунун эсебинен улуттук монополияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле консультациялык жардам алууга, атаандаштык мыйзамдарын киргизүүнүн жаңы тенденциялары жана методикалары менен таанышууга багытталган.



