Ош шаарында уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү
13.01.2026Кара-Кулжа районунда эт жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
19.01.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Бөлүм)
Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ош шаардык мэриясынын
кызматкерлери менен биргеликте, 2026-жылдын 13-январь күнү Ош
шаарындагы эт сатуучу жана көмүр сатуучу жайларга, мониторинг
жүргүзүштү.
Мониторингдин негизги максаты-эттин жана көмүрдүн мамлекет
тарабынан белгиленген бааларынын сакталышын камсыз кылуу,ошондой эле
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.
Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга, белгиленген баадан жогору
сатпоого,товарлар жана баалар тууралуу маалыматтарды керектөөчүлөр үчүн
көрүнүктүү жерге илип коюу талаптары боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында:эттин баасы боюнча баа маалыматын
илип койбогон 2 сатуучуга айып пул салынды.

