Ош курулуш колледжинин студенттерине окутуу лекциясы өткөрүлдү
12.03.2025Кочкор районунда чийики сүт боюнча иш-чара
12.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш
планынын негизинде 2025-жылдын 12-мартында Баткен шаарынын “Дыйкан базарынын”
ишкерлерине түшүндүрүү иш чарасы өтүлдү.
Иш чарада Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишкерлерге монополияга каршы мыйзамдардын
нормаларын сактоону, товарлардын сактоо мөөнөттөрү жана адам өмүрүнө коркунуч
келтирүүлөр жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмдүн ишмердүүлүгүн көрсөтүү жана жайылтуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери
тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана
Кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар
берилди.

