Талас шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
27.02.2025Талас облусунда чийки сүттүн базалык баасы талкууланды
28.02.2025Кыргыз Республикасынын жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарынын рыногундагы атаандаштыктын абалын талдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 14, 15-беренелерин жетекчиликке алып, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) «Кыргыз автобекети» МИге маалымат берүү боюнча суроо-талап жөнөткөн. Бирок, «Кыргыз автобекети» МИ Кызматтын суроо-талабы боюнча маалыматты белгиленген мөөнөттө берген эмес.
Мыйзамдын 15-беренесин бузгандыгы үчүн, анда «Менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык жана кызматтык маалыматты берүүгө милдеттүү» деп көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз автобекети» МИ карата Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү чыгарылган.

