Каракол шаарындагы базарында этке болгон баага мониторинг жүргүзүштү
27.02.2025«Кыргыз автобекети» МИ карата маалыматты өз убагында монополияга каршы органга бербегендиги үчүн эскертүү берилди
27.02.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 30-майындагы №07-1/44
сандуу тапшырманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомун жана 2023-2027-жылдарга
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн
көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын
аткаруу максытында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-
декабрындагы № 869 сандуу “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар
жөнүндө” токтомунун тизмесинде көрсөтүлгөн чарбакер субьектерлерине мониторинг
жүргүзүлдү.
2025 – жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Улуттук банкынын Талас облусу боюнча
башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Талас шаарында жайгашкан кийим
сатуучу, тез тамактануучу жана ийри дүкөндөрдө мониторинг жана түшүндүрүү иштерин
жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн
программалык-техникалык түзүлүштөрдү тактап айтканда QR-коддорду керектөөчүлөргө
ыңгайлаштырып көрүнүктүү жерге илүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптарын
сакталашы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

