«Кыргыз автобекети» МИ карата маалыматты өз убагында монополияга каршы органга бербегендиги үчүн эскертүү берилди
27.02.2025“Аксуу-Баткен” суу пайдалануучулардын коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү сууга акы алып кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
28.02.20252025-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрь “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө
жөнүндө” №724 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-
февралындагы №83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына
(жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун ишке ашыруу максатында жыйын өткөрдү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Табигый монополияларды жана
доминанттык түзүм рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Шустикова Лариса
Юрьевна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Укуктук камсыздоо жана
мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Кадырбекова Нуржан Майназаровна,
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл
башкармалыгынын башчысы Жукушев Төрөбай Кубанычбекович жана Талас
облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынын башчы Джээнбеков Руслан
Джээнбековичтин катышуусунда болуп өттү.
Аталган жыйынга Талас облусу боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун өкүлдөрүда
катышып, кабыл алынган токтомдун чегинде иш алып барышаарын белгилешти. Өз
учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жалпы Монополияга каршы
мыйзамдуулуктар жөнүндө, Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрь “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө
жөнүндө” №724 токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-
февралындагы №83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына
(жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун талаптары жөнүндө кеңири доклад
жасап, жумушчу топтун өкүлдөрү мыйзам талаптарын так жана активдүү иш алып
баруусун өтүнүп жоопкерчиликтүү мамиле кылууну белгилешти.
Жыйындын соңунда сүт рыногундагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча жана
токтомду аткарылышы боюнча сүттү кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери жана
өкүлдөрүнөн ар кандай суроо жооп менен коштолгон кызуу талкуу болуп сунуштар
айтылды.

