Ысык-Көл облусттук бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы базарда сабиз, пияз, картөшкөгө болгон баалардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзгөндүгүн билдирет
18.11.2024Каракол шаарындагы көмүр сатуучу жайларга, көмүрдун сатылышы боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
19.11.20242024-жылдын 18-ноябрында көмүрдүн баасынын өсүүсүнө жол бербөө максатында жана Кызматтын төрагасы Ж. Б. Орозбаевдин тапшырмасын аткаруу үчүн Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Лермонтов көчөсүндөгү (ЧЧК) көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүштү.
Иш-чаранын алкагында Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөм бирдиктүүлүгүн камсыздоо жөнүндө» мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Тактап айтканда, баа такталарын жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн өткөн өлчөө приборлорун орнотуу, чекене баалардын эсебин жүргүзүү журналдарын алып баруу жана буйруктун негизинде бекитилген бааларды так сактоо талаптары эскертилди.
Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесине ылайык, Бөлүмдүн кызматкерлери эки көмүр сатуу жайынын сатуучуларына административдик айып салган.

