Ош шаарынын аймагында эт сатуучу жайларда эттин белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзулдү
18.09.2025Токмок шаарындагы супермаркеттерде, соода түйүндөрүндө жана базарларда эттин бааларына мониторинг жүргүзүлдү
18.09.2025Бишкек шаарынын аймагында эттин негизсиз кымбаттап кетишин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери «Азия» гипермаркетиндеги эт павильонунда мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда уй этин жана кой этин (сөөксүз эттен башка) сатуу абалы камтылды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, «Азия» гипермаркетинде этке жөнгө салынуучу бааларды ашыкча коюу фактысы аныкталып, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуу жөнүндө» кодексинин 290-беренесине ылайык 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

