Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Лермонтов көчөсүндөгү (ЧЧК) көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүштү.
18.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №265 токтомунун 3-пунктун аткаруунун алкагында тийиштүү иштер жүргүзүлдү.
19.11.202418-ноябрдын 2024 – жылдын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Каракол
шаарынын аймагында катуу отун (көмүр) саткан ишкердик субъекттеринин
көмүргө баанын максималдуу деңгээлин белгилөө боюнча бөлүмдүн
буйругун аткаруусу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан белгиленген нарк боюнча
чечимди түзүү жана кабыл алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди, ошондой
эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилген баа
белгилерин жана өлчөө приборлорун орнотуу жолу менен ишкердик
субъекттеринин Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”
мыйзамдарынын талаптарын сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.
Мында сатылып жаткан көмүрдүн көлөмү жетиштүү экендигин,
көмүрдүн белгиленген максималдуу баасын жогорулатуу фактылары
байкалбагандыгын белгилейбиз.

