Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруу жөнүндө
18.11.2024Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Лермонтов көчөсүндөгү (ЧЧК) көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүштү.
18.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облусттук
башкармалыгы, Кызматтын төрагасынын орун басары М.К. Катагановдун
тапшырмасын аткаруунун негизинде, Ысык-Көл облусттук бөлүмүнүн
кызматкерлери Каракол шаарындагы базарда сабиз, пияз, картөшкөгө болгон
баалардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзгөндүгүн билдирет.
Натыйжада, 2024-жылдын 14-15-ноябрына карата 1 кг пияздын баасы 25,0-
30,0 сомду, 1 кг сабиздин баасы 25,0-35,0 сомду, 1 кг картөшкөнүн баасы 30,0-
35,0 сомду түзөт.
Ошол эле учурда Каракол шаарынын жашылча жер жемиш базарында
пияздын жана сабиздин көлөмү жетиштүү экенин, картөшкөнүн аз экенин
белгилейбиз, баанын жогорулашынын себебин сатуучулар дүң азык-түлүккө
болгон баанын жогорулагандыгын белгилешүүдө. Учурда жергиликтүү
картөшкөнүн дүң сатып алуучулар бааны жогорулаганы белгилүү болду.

