Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине Алыбаев Д.Б. аттуу жарандан “А..Б..” дүкөнүнө карата кайрылуу келип түшкөн.
Кайрылууну кароонун алкагында Кызмат товарларда көрсөтүлгөн баалар дүкөндүн кассасында коюлган бааларга дал келбегендигин тастыктап, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин бузуу болуп саналаарын аныктаган.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын камтууга тийиш.
Кароонун жыйынтыгы боюнча “А..Б..” дүкөнүнө карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 390 – беренесинин 3-пункту боюнча жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтому чыгарылган, ага ылайык, товарды сатып өткөрүүдө товарга чапталган таңгакта же ярлыкта көрсөтүлгөн баалардын өлчөмүн жогорулатуу, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.