Талас шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
31.10.2024Кызмат алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
31.10.20242024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика
жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас
шаарында жана Талас районунда жайгашкан көмүр отуну сатылуучу
жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээлин
белгилөө жөнүндөгү буйрук боюнча маалымат берилип, бааны көтөрбөө
боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары сатуучуларга мындан ары көмүргө болгон бааларды,
белгиленген баадан жогорулатпоо жана сатылып жаткан көмүр тууралуу
толук маалыматтарды жазып, көрүнүктүү жайга илинип турушу керектиги
боюнча эскертүүлөр берилди.

