Мониторинг учурунда, сатуучуларга социалдык маанилүүтоварлардын бааларын негизсиз жогорулатпоо жана КыргызРеспубликасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактообоюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
18.07.2025Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
24.07.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) жаран М.А.Н. тарабынан “M_S” дүкөнүнө карата кайрылуу келип түшкөн.
2025-жылдын 3-июнунда “M_S” дүкөнүнөн жаран М.А.Н. өзүн өзү тазалоо базасы бар робот-чаң соргучту 47 900 (кырк жети миң тогуз жүз) сомго сатып алган.
Чаң соргучту ачып караган учурда, арыздануучу пайдалануу боюнча көрсөтмө кытай тилинде гана экенин аныктаган. Робот-чаң соргучту орнотуу жана мобилдик тиркемени иштетүү боюнча бир нече жолу өз алдынча аракет кылып, бирок жыйынтыкка жете албагандан кийин, жаран дүкөнгө кайрылган.
“M_S” дүкөнүнүн сатуучулары мобилдик тиркемени иштете албай коюшкан. Мындан кийин, сатып алуучу товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүүнү талап кылган, бирок дүкөн бул талапты канааттандыруудан баш тарткан.
Ишти объективдүү жана ар тараптуу кароо максатында, Кызмат тарабынан тараптардын катышуусу менен жыйын өткөрүлгөн. Ишти кароо учурунда дүкөндүн өкүлүнө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу мыйзамдардын, айрыкча Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктунун талаптары түшүндүрүлгөн. Анда өндүрүүчү (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) туура тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу зарыл жана ишенимдүү маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Товар (жумуш, кызмат) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда – чет тилдерде да берилүүгө тийиш.
Иштин жыйынтыгы боюнча сатып алуучуга 47 900 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылып берилген. Ушуга байланыштуу сатып алуучунун талабы канааттандырылды.

