Каракол шаарындагы көмүр сатуучу жайларда жана ошондой эле социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
04.10.2024Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы кырдаал жөнүндө
04.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Бөлүм) Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 04-октябрь күнү Ош шаарынын Алымбек датка кичи районундагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарынын Алымбек датка кичи районунда жайгашкан кичи базарында 600 сомдон, кой эти 620 сомдон, сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мониторинг жана түшүндүрүү иштери башка аймактарда дагы уланат.




