Ош шаарынын бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү
01.10.2024Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн сатылышына көзөмөл жүргүзүштү
02.10.2024Бүгүн, 2024-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында жетекчиси Ж.Б. Орозбаевдин төрагалыгы алдында “Кошой” ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы жана “Кайыңды-Кант” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү А.Т. Алтыбаев менен жумушчу кеңешме өттү.
А.Т. Алтыбаевдин айтымында, республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылы 13,5 миң га аянттан кант кызылчасынын дүң түшүмүн 900 миң тонна тамыр жашылчасын алуу күтүлүүдө. Бул көлөмдөн 110 миң тоннага чейин кант алынат, бул республиканын калкынын кантка болгон жалпы муктаждыгынын 75% түзөт.
Учурда фермерлер кант кызылчасын күнүнө 11 миң тонна көлөмүндө кызылча кабыл алуу пункттарына өткөрүп жатышат.
Бүгүнкү күндө 2 кант заводу суткасына 6600 тонна кант кызылчасын иштетип жатат.
Заводдордун жетекчилиги тарабынан кантты сатууну оптималдаштыруу үчүн биржа ачылды, анда фермерлер өз продукцияларын чыгара алышат жана дүңүнөн сатып алуучулар жогоруда аталган биржа аркылуу кантты сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (https://agrosooda.kg/).
Канттын дүң баасы 65,5 сом/кг түзөт.
Өз кезегинде Кызматтын төрагасы Ж.Б. Орозбаев кант заводдорунун өкүлүнө антимонополиялык мыйзамдарды бузууга жол бербөө жана Кызматтын баа саясаты боюнча өз убагында маалымдап туруу тууралуу көрсөтмө берди.


