
Банктык төлөм карталарын жана же накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн QR-коддорду пайдалануу боюнча соода-түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
12.07.2024
Талас облусунун Бакай-Ата районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
15.07.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө №265 токтомун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 30-майындагы №26 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 11-июлундагы №45 буйругун аткаруу максатында, буйрук кылам:
1. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын БР маркасындагы көмүрдүн баасы 2260,0 сом/тн (КНС жана СаС салыктарын эске алуу менен) өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бааны бекитуу учун берилген эсептик материалдардын: өндүрүлгөн жана сатууга чыгарылган көмүрдүн көлөмүнүн тактыгы, ишенимдүүлүгү, аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн, ошондой эле берилген эсептик материалдардын киреше жана чыгашалардын тактыгы, ишенимдүүлүгү, аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жүктөлсүн.


