
Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
12.07.2024
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын БР маркасындагы көмүрдүн баасын белгилөө жөнүндө
12.07.20242024-жылдын 11-12-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиевдин (2024-жылдын 4-апрелиндеги чыг. №15718) тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банктын Баткен облустук филиалынын кызматкерлери менен биргеликте, Раззаков жана Сүлүктү шаарларында ири соода түйүндөрдө (ТСП) QR-код болушуна мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин учурунда кээ бир соода түйүндөрүндө QR-коддорду пайдаланып жатышкандыгы аныкталды.
Мониторинг жыйынтыгы менен калган сатуучу жеке ишкерлерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



