
Талас шаарында бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” студенттерге семинар өткөрүлдү
19.03.2024
Баткен облустук бөлүмү Баткен аймактык шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгына “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүздү
19.03.2024Кызматтын дарегине Ж.А. аттуу жарандан сатып алынган товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү маселеси боюнча жазма кайрылуусу келип түшкөн.
Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “В..Т..” дүкөнүнөн велосипед сатып алган, бирок үйгө келгенде велосипеддин кээ бир тетиктеринде завод жетишпестиктери (ылдамдыкты башкаруу механизмдери жана тормоз рычагдары же моноблоктор) бар экенин байкаган.
Ошого байланыштуу, керектөөчү эртеси күнү “В..Т..” дүкөнүнө сатып алынган велосипеддин акча каражатын кайтарып же алмаштырып берүү боюнча өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, тилекке каршы керектөөчүнүн талаптары “Б..Т..” аттуу дүкөнүнүн администратору тарабынан канааттандырылган эмес.
Кайрылуунун негизинде Кызмат Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин сактоо зарылчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу.
Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу, экенин “В..Т..” дүкөнүнүн администрациясы менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, керектөөчүнүн алынган товарын кайтарып берүү укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге, түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен “В..Т..” дүкөнүнүн администрациясы сатып алынган товары (велосипед) үчүн төлөнгөн 34000 миң сом акча каражатын керектөөчүгө кайтарып берген.
Ошентип, керектөөчүнүн талаптары канааттандырылган.


