
Керектөөчү товарды кайтарып берүүгө укугу бар
19.03.2024
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»
19.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнөн иштелип чыккан иш пландын негизинде 2024-жылдын 19-мартында бөлүмдүн адистери тарабынан, 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Баткен аймактык шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгына “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарды камтыды:
- Күн тартибинин иштөө режиминин илиниши ;
- Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар
(программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болуу жагы;
Мониторингдин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин бузулуу фактысы табылган, же тактап айтканда жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер үчүн аталган мекеменин жетекчилигине эскертме кагазы берилди.





