
Баткен облустук бөлүмү карата Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары жана окутуучуларынын катышуусунда иш чаралар өткөрүлдү
18.03.2024
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде Кара-Балта шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
19.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К. Асылбаеванын буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними” айлыгын өткөрүү боюнча кызматтын иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, 2024-жылдын 18-март күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Мырза-Аке жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө” карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири маалыматтар айтылды.
Мырза-Аке жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлеринин арасында эң кызыктырган суроолор төмөнкүлөр болду:
- сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-тартыш маселелер;
- базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар жана азык-түлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу;
- керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги.




