
Ош облустук бөлүмү тарабынан Мырза-Аке жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү
18.03.2024
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрүү уланууда
19.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 18-мартында керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө корголушу жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жайыл филиалында жана Жайыл райондук үй-бүлөлүк борборунда жетекчилеринин катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында Жайыл райондук үй-бүлөлүк борборунда маалымат такталарында керектөөчүлөр үчүн жайгаштырылган кээ бир маалыматтардын жана баалардын прейскуранттары мамлекеттик тилде жоктугу аныкталды.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маалыматтарды мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча эскертилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.






