
Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
18.03.2024
Ош облустук бөлүмү тарабынан Мырза-Аке жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү
18.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан иштелип чыккан иш пландын негизинде 2024-жылдын 18-мартында бөлүмдүн адистери тарабынан, 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары жана окутуучуларынын катышуусунда, керектөөчүлөрдүн укуктары жана сатуучунун, жасоочунун, кызмат көрсөтүүчүнүн жоопкерчилиги жөнүндө иш чаралар өткөрүлдү.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга керектөөчүлөрдүн өз укуктары тууралуу маалыматтар берилип, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн адистери 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү боюнча, тарых таржымалы жана качан кабыл алынганы боюнча кеңири түшүндүрмөлөр айтылды.
Ошондой эле сатып алуу жана кызмат көрсөтүү тармагында карым-катнаштар, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын укуктук ыйгарымдары жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
Окуучулар тарабынан көбүн эсе соода-сатык тейлөө тармагындагы жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жана товардын сапаты кандай аныктап жана кантип кайтарып берүү тартиптери боюнча суроолорду беришип, жоопторду ала алышты.





