Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө
26.02.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү адистери менен биргеликте, 2026-жылдын 26-февралында Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген чекене бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө, Ноокат шаарынын борбордук базарындагы эт сатуучуларга, эттин белгиленген баасынан жогорулатпоо жана сатылып жаткан эттин баасы керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерге илинип туруусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында, Ноокат шаарынын борбордук базарында уй этинин чекене баасы 650 сом, кой этинин чекене баасы 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

