
Талас шаарында бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” студенттерге семинар өткөрүлдү
15.03.2024
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция (презентация) өткөрүлдү
15.03.2024Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалында керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн баа (тариф) жөнүндө маалыматы көрүнүктүү жерге илинбегендиги үчүн кызматкерлер тарабынан акт жазылды жана жазма эскертүү берүү боюнча чечим кабыл алынды.
Мындан сырткары кызмат көрсөтүүнүн сапаты каралып, керектөөчүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу кассасы мекемеде жайгашып, шарт түзүлгөндүгү аныкталды.
Ошондой эле Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдын талаптарын так аткаруу керектиги түшүндүрүлдү.





