
Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү
15.03.2024
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бөлүмдүн имаратында тышкы көрөнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү
18.03.20242024-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата 1-март айынан 31-мартына чейин бир айлык иш-чара планы каралган. Каралган планды аткаруу максатында И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” деген темада студенттерге лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде студенттер менен Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5,24-беренесинин ж.б. боюнча презентация болду. Ошону менен бирге керектөөчү өз укугун кандай коргой аларын жана керектөөчүнүн укуктуры бузулганда кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектиги боюнча толук маалыматтар берилди. Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары менен, керектөөчүлөрдүн жана сатуучулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча суроолорго жооп берилип, ошону менен бирге керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп жана лекцияга катышкан студенттерден сунуштар айтылды.





