
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 13-март күнү Баткен мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуулар жүргүзүлдү
13.03.2024
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндө
14.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 13-мартында Кызматтын төрагасынын орун басары А.А.Мамыралиевдин жетекчилигинде керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө корголушу жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Токмок-Чүй филиалында жана Токмок ш. жана Чүй райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчилеринин катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарды жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында Токмок ш. жана Чүй райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө маалымат такталарында керектөөчүлөр үчүн жайгаштырылган кээ бир маалыматтардын мамлекеттик тилде жоктугу аныкталды.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маалыматтарды мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча эскертилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.






