Өзгөн районунда эт жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
19.01.2026Баткен шаарында коомдук тамак-аш жайларында мониторинг жүргүзүлдү
19.01.2026Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын, Токмок шаарынын мэриясы, ветеринардык кызмат жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Токмок шаарында уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары), ошондой эле көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкердик субъекттери менен баа тартибин сактоону камсыз кылуу, баалардын деңгээлин кармоо жана алардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Токмок шаарындагы базардын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин биринен этке белгиленген баалардан ашыкча коюу фактысы аныкталды. Аталган субъектке карата тиешелүү чаралар көрүлүп, колдонулуп жаткан мыйзамдардын талаптарын так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

