
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде Токмок шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
14.03.2024
Бишкек шаарында 15-март – “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата студенттерге семинар уюштурулду
14.03.2024Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш планынын негизинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде студенттер жана мугалимдер менен жолугушууларды уюштурду.
Жолугушуунун жүршүндө Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектиги боюнча толук маалымат түшүндүрүлдү.
Андан тышкаары студенттер тарабынан берилген суроолорго толук маалыматтар берилди.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишмердүүлүгүн көрсөтүү жана жайылтуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.





