
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү.
20.02.2024
Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.
20.02.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 16-февраль күнү Аксы районунун Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарларга, ошону менен бирге күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
- 1-сорттогу буудай уну 32-34 сом;
- Кой эти 550-580 сом;
- Уй эти 480-500 сом;
- Тоок жумурткасы (10 даанасы) 120-130 сом;
- Кум шекер 75-90 сом;
- Тазаланган күн карама өсүмдүк майы 1литри 110-140 сом;
- Картошка 30-35 сом;
- Сабиз 25-35 сом;
- Пияз 25-35 сом;
- Бензин АИ-92 62,30 сом;
- Дизель майы 71,50 сом.
Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде илинип туруусу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.






