А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры тарабынан акы алып кызмат көрсөтүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды.
20.02.2024
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
20.02.20242024-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаардык мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте, Баткен шаарындагы көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында мониторинг жүргүздү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сатуучуларга көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, Сүлүктүнүн “БР” маркасындагы көмүрдүн ээленгени 1 тн. 8 300 – 8 700 сомдон сатылууда. Баткен шаарындагы отун базада көмүр жетиштүү көлөмдө бар, көмүр тартыштыгы жок.




