
Талас облусунун Талас шаарынын көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
16.01.2024
Ош облусунун көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
17.01.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине С.Ш. аттуу жарандан “S.K.” аталыштагы түрк кафеси боюнча арыз келип түшкөн.
Арызга ылайык, керектөөчү кафеде болгон учурда, керектөөчү катары анын укуктары бузулганын белгилеген. Себеби кафеде мамлекеттик тилде меню жок болгон жана кафенин кардарлары үчүн маалыматтык такталар орус жана түрк тилинде гана көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан “S.K.” кафесинин менюсу мамлекеттик тилде жок экендиги аныкталып, “S.K.” кафесинин өкүлчүлүктөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертме (предписание) берилген.
Бирок, эскертме (предписание) өз убагында аткарылбагандыгы үчүн, “S.K.” кафесинин жетекчиси ЖИ Б.Т.Т. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин негизинде 13 000 (он үч миң) сом айып пул салынды.
Белгилей кетсек, “S.K.” кафесинин жетекчиси жогоруда белгиленип кеткен менюну мамлекеттик тилге которуу иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.





