
Ош шаарынын көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
16.01.2024
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамын бузгандыгы үчүн түрк кафесине айып пул салынды
16.01.20242024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана – “УТРК” телеканалынын журналистери менен биргеликте, Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсүндө жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге сатылып жаткан көмүрдүн баалары белгиленген тийиштүү буйруктар тапшырылды. Ал менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде – “товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө каражаттарын (таразаларды) мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алсак, бүгүнкү күндө Талас облусунун Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан көмүр сатуучулар импорттук көмүрдү таңгактоо кызматы менен 1 тоннасын 7500 сомдон – 8900 сомго чейин сатылып жатканы белгилүү болду.
Бул жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Б.Р. Токтогулов тарабынан – “УТРК” телеканалына маалымат берилди.
Учурда Талас шаарында көмүрдүн кору туруктуу, ал эми баалары буйрукта белгиленген чектен ашпай сатылып жатканы аныкталды.




