
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
23.11.2023
Ош шаарыныны “Азия” ири соода жайына айып пул салынды.
24.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 23-ноябрь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Араван райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Араван районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Араван районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Андан сырткары, Араван районунун аймагында 2,5-5 сомдон социалдык көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.






