
Таласта нан менен көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү
10.11.2023
Жалал-Абад облустун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
11.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8- сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди.
Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 10-ноябрь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы, Кара-Суу райондук администрациясынын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана журналистер менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Мониторинг учурунда, көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли сакталып жаткандыгы аныкталды. Андан сырткары, Кара-Суу районунун аймагында 5 сомдон социалдык көмүр көмүр сатылып жатат.





