
Ош облусунун Кара-Суу районунда көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
11.11.2023
Ош шаарынын Мамыров көчөсүндөгү көмүр сатуучулар арасында мониторинг жүргүздү.
11.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 10-ноябрында Базар-Коргон жана Сузак райондорунун базарларында, соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Сузак районунун РТС участкасында наабайканада 328 граммдык тандыр нанды 35,00 сомдон, же белгиленген баадан 2,00 сомго ашык сатып жаткандыгы аныкталып, жазма эскертүү берилди.
Ал эми Базар-Коргон районунда “Юрта” соода түйүнүндө 400 граммдык бөлкө нанды 29,00 сомдон, же белгиленген баадан 3,00 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталып, 3000 сом айып пул салынды.
Мындан сырткары бөлкө нан бышыруучу жайда 400 граммдык бөлкө нанды дүң баада 25,00 сомдон, же белгиленген баадан 2,00 сомго жогору сатып жаткандыгы аныкталып К.Иманахуновага 3000 сом айып пул салынды. Мониторинг учурунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.




