
Кызматтын Чүй облустук бөлүмү, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлктүн жана райондук мамлекеттик администрация кызматкерлери Чүй облусунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
09.11.2023
Ош облусунун Кара-Суу районунда көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
11.11.20232023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, Бакай Ата мамлекеттик администрация өкүлү жана жергиликтүү айыл башчылары менен биргеликте, Талас облусунун Манас району боюнча жана Бакай Ата райондорунда мониторинг жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө, көмүр сатуучу ишкерлерди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы “Талас облусу боюнча көмүрдүн бааларынын максималдык бааларын белгилөө жөнүндө” № 11 сандуу буйругу менен тааныштырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, биринчи сорттогу унунан жасалган бөлкө нан жана тандыр нандын баасына байкоолор жүргүзүлдү. Манас жана Бакай ата, райондорунда учурунда 260-250 гр тандыр нан мамлекеттик жөнгө салуу киргенге чейин баасы – 28-27 сомдон сатылган болсо, бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштеринен улам 25 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Мониторингдин жүрүшүндө сатылып жаткан көмүрдүн жана нандын максималдык баалары белгиленген тийиштүү буйруктар тапшырылды. Ал менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде – “товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” жана өлчөө каражаттарын (таразаларды) мезгилдүү текшерүүлөрдөн өткөзүү” боюнча эскертме жазуулар берилди.





