
Нандын баасы белгиленди
10.10.2023
Талас шаарында нан баасына мониторинг башталды
11.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) 2023-жылдын 5-октябрындагы №51 буйругун аткаруу максатында Кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 9-октябрындагы №58 буйругу менен Жалал-Абад облусунун аймагында 1- сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалары белгиленген.
Жогорудагы буйруктун аткарылышын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн, бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кеңейтилген мониторинг жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын аймагындагы нан азыктарын (тандыр нан) бышыруучу жайларда 1 килограмм тандыр наны дүң баада 85,18 сомдон 90,91 сомго чейин, ири жана кичи соода түйүндөрүндө, базарларда чекене баасы 92,60 сомдон 100,00 сомго чейин, ошондой эле 1 килограмм нан (бөлкө нан) дүң баада 51,77 сомдон 55,80 сомго чейин, ал эми чекене баасы 60,24 сомдон 64,26 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды.
Нан бышыруучу ишкерлерге жана нан азыктарын сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жакынкы күндөрдө жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте нан азыктарынын баалары боюнча мониторинг жүргүзүү пландаштырылды.





