
Жалал-Абад шаарында нан бааларына мониторинг башталды
11.10.2023
Социалдык маанидеги нан жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын мониторинги жөнүндө
12.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 11-октябрь күнү Талас шаарында 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарын (тандыр нан) чекене сатуу менен алектенген чарбекер субъекттер, супер маркет, кичи маркет жана баардык нан сатылуучу жайларга мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 9-октябрь “Талас облусу боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу деӊгээлин белгилөө жөнүндө” – буйругу кабыл алынган. Аталган буйрукта максималдуу деӊгээли төмөндөгүдөй белгиленгендигин билдиребиз:





