
Баткен шаарында нан рыногунун ишкерлеринин жыйыны өттү
28.09.2023
Кыргызстанда наабайчылар жергиликтүү ундан нан жаап баштады
28.09.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Мамыралиев 2023-жылдын 26-сентябрь күнү Ош облусунда ун бааларынын учурдагы абалы менен таанышуу максатында иш сапарда болду. Иш сапардын алкагында, Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Карасуу районунда ун өндүрүүчү “Карасуу Дан-Азык” ААКна барып, ал жердеги өндүрүлүп жаткан ундун көлөмү, баасы жана запастары боюнча маалымат алды.
“Карасуу Дан-Азык” ААКнун кызматкерлеринин айтымында, завод күнүнө 100 тонна буудайды иштетип чыгарарын билдирди. Учурда ундун, буудайдын запастары жетишерлүү жана буудайды ташып келүү иш-чаралары жүрүп жатканын айтты. “Карасуу Дан-Азык” ААКнун ун заводунда азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун буудайынан чыгарган 1-сорт ундун (50кг) баасы 1250 сомдон, ал эми 2-сорт ундун (50кг) баасы 850 сомдон сатылып жатат. Андан сырткары, “Карасуу Дан-Азык” ААКнун өздөрүнүн Мария деген уну 1400 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.Завод жетекчилиги Ош областын жана Ош шаарын жергиликтүү ун менен толук камсыз кыла ала турган мүмкүнчүлүгүн билдирди.
Ошондой эле, А.А.Мамыралиев Ош облусунун Карасуу, Араван райондорунун аймагындагы базарларда жана ири соода түйүндөрүндө унга болгон баалар менен таанышты. Ош облусунун Карасуу, Араван райондорунун базарларындагы жана ири соода түйүндөрүндөгү ун сатуучулар, азыркы учурда импорттук ундардын кымбат келип жаткандыгын билдиришти. Ош облусунун Карасуу, Араван райондорунун аймагындагы базарларда 1-сорт жергиликтүү ун 1700-1900 сомдон, 2-сорт жергиликтүү ун 1200-1400 сомдон, ал эми 1-сорт импорттук ун 2200-2900 сомдон сатылып жаткандыгы тастыкталды.
Ошол эле учурда, нан жапкан ишкерлер менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары, нанга болгон бааны турукташтыруу жана ата-мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, А.А. Мамыралиев нан жапкан ишкерлерге жергиликтүү унга өтүнүү сунуштады.
Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар жана унга болгон бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.





