
Кызыл-Кыя шаарында нан рыногунун ишкерлери менен жыйын өттү
28.09.2023Ош облусунда ун тартыштыгы жок
28.09.20232023-жылдын 27-сентябрь күнү Баткен шаардык мэриясынын жыйындар залында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадияров, Вице-мэр А. Орозовдун катышуусунда, нан рыногунун ишкерлери менен жыйын өттү. Жыйында Баткен шаарында нан бааларын туруктуу кармоо, бааларды негизсиз жогорулатпоо, калкты нан менен жеткиликтүү камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, жергиликтүү наабайчыларга ата мекендик өндүрүштөгү ундарды пайдалануу сунушун берди. Бул нан бааларын туруктуу кармоого негиз болорун айтты. Сунушту ишкерлер колдоорун билдиришти.




