
Ичүүчү сууга дифференцияланган тарифти киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрүү жөнүндө
04.08.2023
Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
05.08.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 2-августунда Кочкор-Ата шаардык мэриясынын Салык бөлүмүнүн башкы инспектору Т.Сейитбеков жана башка тийиштүү кызматкерлер менен биргеликте Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүштү.
Биргелешкен мониторингдин негизги максаты шаардагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын (азык-түлүктүн) бааларын турукташтыруу жана негизсиз жогорулатпоо болуп саналат.
Ошону менен бирге сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Биргелешкен мониторингдин жыйынтыгында, Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары төмөндөгүчө аныкталды:

Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында жана соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгөн учурда, сатуучулар сезондук товарлардын (азык-түлүктүн) баалары бир аз жогорулагандыгын жана бул убактылуу көрүнүш экендигин, айрым товарлар май, ун жана башка ушул сыяктуу азык-түлүктөр мурдагыга салыштырмалуу арзандаганын билдиришти.
Мындан арыда жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен ушундай иш- чаралар улантылат.

