
“Каракол суу түтүк” муниципалдык ишканасы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
04.08.2023
Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
04.08.2023Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймагында 2023-жылдын 2-августунда ичүүчү сууга дифференцияланган тарифти киргизүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын вице-мэри Ж.Д.Шамыралиевдин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков К.Д., Кызматтын төрагасынын орун басары А.А.Мамыралиев, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле «Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк- эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жумушчу жыйындын алкагында «Бишкексууканал» ишканасы тарабынан Бишкек шаарында суунун тартыштыгына байланыштуу калк үчүн ичүүчү сууга дифференцияланган тарифти киргизүү боюнча маселелер каралды.
Мындан тышкары, калк үчүн бюджеттин эсебинен эсепке алуу приборлорун (суу эсептегичтерин) орнотуу, калктын сууну керектөөсүн үнөмдөөгө дем берүү үчүн сууну керектөө нормасынын жарымына барабар же андан аз болгондо суу менен камсыз кылуу үчүн төмөн бааланган дифференцияланган тарифтик ставкаларды белгилөө сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Талкууда катышуучулар тарабынан берилген суроолор эске алынып, «Бишкексууканал» ишканасы тарабынан иштелип чыгат.

