
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 2-августунда Кочкор-Ата шаардык мэриясынын Салык бөлүмүнүн башкы инспектору Т.Сейитбеков жана башка тийиштүү кызматкерлер менен биргеликте Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүштү.
Биргелешкен мониторингдин негизги максаты шаардагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын (азык-түлүктүн) бааларын турукташтыруу жана негизсиз жогорулатпоо болуп саналат.
Ошону менен бирге сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
| № | Азык-түлүктүн аталышы | Азык-түлүктүн базар баасы кг/сом | ||
| төмөнкү | жогорку | орточо | ||
| 1 | Ун 1-сорт | 30,00 | 40,00 | 35,00 |
| 2 | Ун 2-сорт | 22,00 | 25,00 | 23,50 |
| 3 | Уй эти | 520,00 | 530,00 | 525,00 |
| 4 | Кой эти | 580,00 | 600,00 | 590,00 |
| 5 | Тазаланган күн карама майы | 100,00 | 130,00 | 115,00 |
| 6 | Картошка | 40,00 | 50,00 | 45,00 |
| 7 | Пияз | 30,00 | 35,00 | 32,50 |
| 8 | Сабиз | 35,00 | 45,00 | 40,00 |
| 9 | Күрүч (жергиликтүү Өзгөндөн башка) | 110,00 | 170,00 | 140,00 |
| 10 | Кум шекер | 87,00 | 90,00 | 88,50 |
| 11 | Помидор | 30,00 | 35,00 | 32,50 |
| 12 | Бадыраң | 30,00 | 50,00 | 40,00 |
Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында жана соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгөн учурда, сатуучулар сезондук товарлардын (азык-түлүктүн) баалары бир аз жогорулагандыгын жана бул убактылуу көрүнүш экендигин, айрым товарлар май, ун жана башка ушул сыяктуу азык-түлүктөр мурдагыга салыштырмалуу арзандаганын билдиришти.
Мындан арыда жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен ушундай иш-чаралар улантылат.



