
Ноокат районунун базарында жана ири соода дүкөндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
14.06.2023
Лейлек районунун базарларында социалдык жактан маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
14.06.2023Ош шаары боюнча бөлүмүнүн дарегине 2023-жылдын 5-июнь күнү Ош шаарынын Физулин көчөсүнүн 5-үйүнүн тургуну Абдуразаков Хасан Кахраманович аттуу жаран “Сайма телеком” ЖЧКнын үстүнөн арыз менен кайрылган. Арызда көрсөтүлгөндөй, “Сайма телеком” ЖЧК тарабынан 2023-жылдын 5-июнуна бери интернет иштебей, арыздануучу интернеттин иштетүүсүн талап кылып, иштебеген күндөргө компенсация кылып берүү талабы менен кайрылган. Бирок “Сайма телеком” ЖЧК тарабынан реакция болгон эмес. Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчү Абдуразаков Хасан Кахрамановичтин арызын карап, териштирип, “Сайма телеком” ЖЧКга аталган арыз боюнча Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында Абдуразаков Хасан Кахрамановичтин арызы канааттандырылды. Тактап айтканда, интернет жандандырылып, колдонулбаган күндөргө кайрадан эсептешүү жүргүзүлүп (перерасчет) компенсация иретинде акча каражаты кайтарылып берилди.


