
«Глобус» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү
13.06.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Жалал-Абад шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган
13.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө са Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы Ош базарында 09.06.2023 ж. саат 04.00 эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт жеткирүүчүлөр негизинен Чүй облусунун дыйкандары жана бир аз бөлүгү Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары экени, андан ары Ош базарынын эт павильонунда сатылып жаткандыгы аныкталды. Белгилей кетсек, эт сатуучулардын айтымында, эттин баасына сезондук фактор таасир этет, учурда эт базарында уйдун этинин баасы 520-570 сом болсо, а койдун этинин баасы 480-580 сом, баалардын абалы туруктуу экендиги айтылды. Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене сооданын ишкерлери жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын алып- сатарлык жана негизсиз жогорулатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле, бөлүмдүн кызматкерлери ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө Ош базарынын ветеринардык кызматынын лабораториясынын иши менен таанышып чыгышты. Эттин баасына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн иши улантылат.






