
Эттин түрлөрүнөболгон баалар боюнча
11.05.2023
«Кыргызтелеком» ААКы тарабынан көрсөтүлүүчү “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматына тарифтердин алдыдагы өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат
13.05.20232023-жылдын 12-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бейше Сатыгулов баштаган адистер – Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-Жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин бөлүм башчысы Н. Мамирова, Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун адиси М.Кудайбердиев, Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору Б.Мирзалиев, Муниципалдык борбордук базардын санитардык дарыгери А.Жээналиева жана башка тийиштүү кызматкерлер менен биргеликте, Жалал-Абад шаарынын базарларындагы ири эт сатуучу түйүндөрүнө биргелешкен мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарынын борбордук жана башка базарларындагы эт сатуучу соода жайларында, уйдун эти сатуучуларга 490-500 сомдон ташылып келээри жана эт саткандар кардарларга 500-530 сомдон сатып жатканы маалым болду. Эт сатуучулардын айтымында, 1 бодо малдын (уй) этинин орточо салмагы 180-200кг чыгарын жана аны 3-4 күндө сатып бүтөөрүн айтышты. Сатуучулардын 1 күндүк чыгымдары: – Эт ташып келүүгө транспорттук чыгымдар, – Соода түйүндөрүндөгү ижара акылары, – Салыктары, – Эт сактоочу муздаткычтарга керектелип жаткан электр энергиясынын чыгымдарын кошкондо орточо эсеп менен 1 кг уй этинин баасы 531 сомго чейин жетүүдө. Азыркы учурдагы эттин баасынын жогорулашы боюнча сатуучулардан сурамжылоо жүргүзгөн учурда, эттин баасынын жогорулашына базардагы майда жандыктардын кымбаттаганы себеп болуп жатканын айтышты. Андан сырткары майда, ири мал жандыктары жайлоого көчүрүлүп, эттин кымбатташы мезгилдүү мүнөзгө ээ экенин билдиришти. Ушундай эле мониторинг жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абад облусунун, Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында жүргүзүлдү. Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында 1 кг уйдун эти 520 сомдон, ал эми койдун эти 580 сомдон кээ бир соода түйүндөрүндө 600 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан ары да мониторингдер улантылат.





