
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 28-мартындагы №10 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
11.05.2023
Эт баалары боюнча маалымат
13.05.20232023-жылдын 11-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Нарын шаардык мэриясынын экономика өнөр жай бөлүмүнүн башчысы А.Кадыркулов, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын башкы адиси менен биргеликте эттин түрлөрүнө болгон бааларга мониторинг жүргүзүштү. Нарын шаарында жайгашкан эт базарында жана эт дүкөндөрүндө сатылып жаткан эттин баалары учурда 530-560 сомго чейин. Уй эти – 1кг 530 сом, Кой эти – 1кг 560 сом, Жылкы эти – 1кг 550 сом, Саттуучулар көйгөйлөрүн айтып, эттин баалары тоюттун кымбаттыгынан жана азыркы учурда семиз малдын жоктугунан улам өсүп жатканын маалымдашты. Айта кетсек 2023-жылдын 20-февраль күнү Нарын шаардык мэриясында эттин баасынын кескин көтөрүлүшү боюнча тегерек стол өткөрүлгөн. Жыйында Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы К.Э. Уметов эгерде эттин баалары төмөндөбөсө, муниципалдык эт, азык-түлүк сатуучу кичи дүкөндөрдү жана күркөлөрдү ачып, рынокто атаандаштыкты өнүктүрүү маселесин көтөргөн.






