19.01.2024

Ош жана Аламүдүн базарларында мониторинг жүргүзүлдү

Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында 2024-жылдын 19-январь күнү Ош жана Аламүдүн базарларында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.
22.12.2023

Бишкек шаарындагы “Боорсок” соода борборуна нандын баасы боюнча айып пул салынды

21 декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери “Арча-Бешик” конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан “Боорсок” соода түйүнүндө нандын баасына мониторинг жүрүзүштү.Мониторинг учурунда аталган соода борборунда 260 граммдык тандыр наны 29 сомдон сатылып жатканы аныкталды. Буга байланыштуу КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.Мындан тышкары ушул эле көчөдө жайгашкан дүкөнгө нан боюнча эскертүү берилди.
12.12.2023

Бишкек шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүлдү.

2023-жылдын 12-декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин райондук администрация кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди.Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат. Таңкыстык жок. “Кара-Кече” көмүрү 4700- 5500 сомдон, тандалган түрү 6000 сомдон сатылууда.
Skip to content