21.02.2024
2024-жылдын 21-февраль күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүштү. Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан ары да бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.




