24.11.2023

Бишкекте нан менен көмүрдүн баасын кымбат саткандарга айып пул салынд

2023-жылдын, 23-ноябрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Ленин райондук администрациясынын жана укук коргоо кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте нан жана көмүр баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторинг учурунда 270-280 гр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталды.Жыйынтыгында тандыр нандын сатуучусуна 3 000 сом көмүр сатуучуга 1000 сом айып пул салынды. Учурда 27 сомдон сатылууда.
20.11.2023

Бишкек шаарында жарнактар боюнча айып пулдар салынды

Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг учурунда аныкталгандай, бут кийим дүкөнүнүн жарнактары, жеке менчик медициналык борбордун жана кийим саткан дүкөндүн жарнак маалыматтары мамлекеттик тилге которулган эмес. Ошондой лицензия номери да болгон эмес.Бул КР «Жарнак жөнүндө»Мыйзамынын 5-беренесине карама-каршы келет.Белгиленген мыйзам бузуулар боюнчаадминистративдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 51 000 сомду түзгөн административдик айып пулдар салынды.
17.11.2023

Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды

15-16-ноябрь күндөрү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Октябрь жана Ленин райондук администрациясынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен нан баасына мониторинг жүргүзүштү.Жыйынтыгында тандыр нан саткан ишкерге 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом көмүр сатуучуга 5 5000 сом айып пул салынды.
Skip to content